Сотто Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча күбөлөр көрсөтмө берип жатат

Сотто Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча күбөлөр көрсөтмө берип жатат

Бүгүн, 1-октябрда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту үй камагындагы «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап жатат.

Бүгүнкү отурумда күбөлөр көрсөтмө берип жатышат.

29-августта райондук сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

12-сентябрдагы отурум болуп, адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген.

Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден  «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>