“Соттордун куратору” атыккан Арабаевдин үй камагынын мөөнөтү эки айга узартылды

“Соттордун куратору” атыккан  Арабаевдин үй камагынын мөөнөтү эки айга узартылды

Президенттик аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурунку башчысы Манас Арабаев 2-ноябрга чейин үй камагында калтырылды. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Манас Арабаев 2-июнда коррупциялык кылмыштарга айыпталып кармалып, июль айынын башында үй камагына чыгарылган.

УКМК Арабаевге  чет элдик инвесторлордун объектилерин рейдердик жол менен тартып алган,  бир катар кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын коргоогогон жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деген айыптарды таккан.

Манас Арабаев Атамбаев президент болуп турган учурда “соттордун Ак үйдөгү куратору”  деп айтылып келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>