Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 31 жыл толду

Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 31 жыл толду

Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 31 жылдыгы белгиленди. Эскерүү жыйыны Ата-Түрк эс алуу багында ооганчыларга арналып тургузулган эстеликтин жанында өттү.

Митинг-реквиемге ооган согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

1989-жылдын 15-февралында өзбек-ооган чек арасындагы «Термез» посту аркылуу Ооганстандан Советтик армиянын акыркы аскерлери чыгарылган.

1989-жылы башталып, 10 жылга созулган бул согушка 7 141 кыргызстандык жоокер катышкан. Алардын 300ү ошол жакта набыт болуп, 504ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда 5 миңдин тегерегинде ооганчы ардагер бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>