Стамбул аэропортунда жоголуп кеткен кыргызстандык кыз табылды

Стамбул аэропортунда жоголуп кеткен кыргызстандык кыз табылды

Стамбул аэропортунда жоголуп кетти делген Айчүрөк Данияр кызы табылды. Бул тууралуу Репортерге анын туугандары кабарлады.

“Бизге Тышкы иштер министрлигинен азыр айтышты. Айчүрөк Стамбул аэропортунан табылыптыр. Башка маалымат айтышкан жок”- деди туугандары.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы да Айчүрөк Данияр кызы табылганын ырастап, толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Белгилей кетсек Айчүрөк 1-октябрь күнү Германиядан Кыргызстанга Түкия аркылуу келатып,  Стамбул аэропортунан жоголуп кеткен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>