Стамбулдагы экс-консул Сопоковдун ишин текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдү

Стамбулдагы экс-консул Сопоковдун ишин текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдү

Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. 

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жумушчу топко Башкы прокуратурадан, УКМК жана ТИМден өкүлдөр кирген.

Алар Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Бишкектен Стамбул шаарына учуп кетет.

Белгилей кетсек, “Азаттыктын” иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө кыргызстандыктар болгон.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>