Сулайманов: Өзгөчө абал учурунда бизнеске бут тоспой, мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек

Сулайманов: Өзгөчө абал учурунда бизнеске бут тоспой, мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек

Өзгөчө абал учурунда бизнеске бут тоспой, аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек. Мындай пикирди Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери, депутат Алтынбек Сулайманов “Жалбырак.ТВ” телеканалына берген маегинде айтты.

Эл өкүлү, өлкөнүн бардык аймактарында жолдорду тосуп алышкандыктан,  ишкерлер жабыркап жатканын мисал келтирген.

[su_quote cite=»деди Алтынбек Сулайманов.»]Былтыр ушул мезгилде картошка 5 сомго түшүп, эл өкмөткө аябай нааразы болгон эле.  Быйыл Өзбекстанда картошка 50 сомго чыгыптыр.  Мага ишкерлер байланышка чыгып жатат, кечээ Кочкордон картошка алганы барган жүк ташуучу унаалар чыга албай калыптыр. Эл кышы менен сактаган картошкаларын 30 сомдон болсо да сатып алуу керек да. 15 күндөн кийин картошка эч нерсеге жарабай калат.  Мына ушундай чектөөлөрдүн айынан чакан бизнес оордунан жылбай калды. Элдер 15-апрелге чейин чыдайт, андан ары эмне кылат? Биз Кыргызстанды өнүккөн өлкөлөргө салыштырбашыбыз керек. Аларда социалдык маселелерин эки-үч айга чейин чечкенге ресрустры, мүнкүнчүлүктөрү бар. Биз азыр чек коюу жагынан ошолорду туурап жатабыз.

Учурда Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана 3 райондо гана өзгөчө абал. Бирок азыр “бөрк ал десе баш ал” болуп, башка аймактарды дагы жергиликтүү бийлик өзү билип тосуп алды. Ооба, постторду коюп алып, тепловизорлор менен текшерүү жүрө бериш керек, бирок кыймыл токтобошу керек да. Тескерисинче акыл эсти иштетпей, баарын тосуп алган жеңил жолду тандап алышты,[/su_quote]

Алтынбек Сулайманов 15-апрелден кийин өзгөчө абалды узартууга болбойт деген маселени буга чейин дагы көтөрүп, бул элдин жашоо-турмушуна, өлкө экономикасына чоң зыянын тийгизерин айткан.

Белгилей кестек, 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.  

7-апрель саат 09:00гө катара кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккандардын саны 228 адам болду. Алардын 23ү айыкты, төртөө каза болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>