Сулайманов: 800 миң адамдын насыясы бар экен, аларга насыялык каникул берүү керек

Сулайманов: 800 миң адамдын насыясы бар экен, аларга насыялык каникул берүү керек

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов 19-январдагы парламенттин жалпы жыйынында коомчулукка кайрылып, коронавирус оорусу менен күрөшүүдөгү өкмөттүн ишин колдоого чакырды.

“Коронавирусту өнүккөн өлкөлөр дагы тосо алган жок.  Ошондуктан бирөөнү күнөөлөгөндөн алыс бололу. Азыр бири-бирибизди сындабай, бирге болуп өкмөтүн ишине жалпыбыз жардам бере турган учур”, -деди Сулайманов.

Ошондой эле ал өкмөт башчыга сунуш айтып, элден жардам сурап болсо да Саламаттык сактоо министрлигине жардам берүү керек экендигин белгилеп өттү.

Мындан сырткары эл өкүлү, экономика маселесине дагы токтолду.

“Бүгүнкү күндө 800 миң адамдын насыясы бар экен. Учурда бизнес токтоду. Улуттук банк 5 айга чейин же жылдын аягына чейин чечим кабыл алып, насыялыкк каникул  жарыялоо  керек.  Быйыл 28 миллиард сырткы карызды төлөшүбүз керек болчу. Ошондуктан тышкы карыздан дагы каникул сурануубуз керек. Эгерде биз элге кредиттик каникул берсек, анда сырткы карызды төлөбөй турууну суранганга моралдык укугубуз болот”, — деди Сулайманов.

Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>