Сулайманов азык-түлүктү ашыкча сактоого чек койгондугу үчүн өкмөттү сынга алды — видео

Сулайманов азык-түлүктү ашыкча сактоого чек койгондугу үчүн өкмөттү сынга алды — видео

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов өкмөттүн кампаларда азык-түлүктү ашыкча сактоого чек койгондугун сынга алды.

Ал “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу премьер-минстр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, тез арада бул маселени көзөмөлгө алууга чакырды.

“Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 4-апрелде ун, кумшекер жана этти 5 тоннадан, күрүч, суу май жана макаронду 1 тоннадан ашык капмаларда кармаганга жаранардын укугу жок деген өзүнүн № 25 буйругун чыгарыптыр. Андан соң Финполицияга тапшырма берип, текшергиле ким ашыкча кармап жатса жоопко тартылсын дептир. Бул эмне деген түшүнүк?! Башка мамлекеттер тамак-ашты сыртка чыгарбай, өз өлкөлөрүндө  кармап жатса, биздин азаматтар кампаларда ашыкча азык-түлүк кармалбасын, өлкөгө азык-түлүк кирбесин деген түшүнүктө иш жасап жатышат.

Урматтуу өкмөт башчы сиз муну түшүндүрүшүңүз керек, болбосо эл бул сиздин буйрук экен деп кабыл алат. Сиз тескерисинче ишкерлерге кайрылып, «тамак-ашты колуңар жеткен жерден алып келип, кампаларга топтогула» деп айтышыңыз керек. Канчалык азык-түлүк өлкө ичинде көп болсо, оор мезгилди жеңүүгө оңой болот. “Азык түлүктү кампаларда сактабагыла” деген бул – 1930-жылдардагы репрессияга тете”, — деген Сулайманов.

https://www.facebook.com/altynbek.sulaimanov/videos/2856110311176154

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>