Сулайманов: Парламентке олигархтар келбеши үчүн эл партияга эле эмес талапкерлерге да добуш бериши керек

Сулайманов: Парламентке олигархтар келбеши үчүн эл партияга эле эмес талапкерлерге да добуш бериши керек

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында парламенттик шайлоо өтөт. Анда шайлоонун босого балы 9%га көтөрүлгөн. Шайлоонун пайыздык чеги боюнча Жогорку Кеңештин «Бир-Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов «Маралга» пикирин билдирген.

Эл өкүлү 9 пайыздык босого чек менен парламентке 3-4 партия келе турганын айткан.

«Жогорку Кеңешке олигархтар келбеши үчүн эл партияга, анын ичинде ар бир талапкерге добуш бериши керек. Ошондо гана эл өзүнө жаккан талапкерди, сабаттууларды тандап алмак. Бирок ал мыйзам долбоору өтпөй калды. Анткени, азыркы система көпчүлүккө жагат. Бирок келечекте ал мыйзам долбоорун кайра көтөрүү зарыл», — деди Сулайманов.

Парламенттик шайлоонун 9% босого балына багытталган мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>