Сулайманов тергөө абагында отурган Атамбаевден кабар алып чыкты

Сулайманов тергөө абагында отурган Атамбаевден кабар алып чыкты

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жолугуп чыкты. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Сулайманов мурдагы президент эки кишилик камерада жалгыз отурганын, УКМКнын кызматкерлерине эч кандай дооматы жок экенин айтканын билдирди.

«Кармоо шарттары, тергөөчүлөрдүн мамилеси жакшы. Дары-дармектер бар» дейт. Дарыгерлер күн сайын үч жолу кан басымын текшерип чыгышат экен. Адвокаты да кирип-чыгып жатыптыр. Камерада кичинекей жарык берүүчү жабдык бар экен. Болгону ошону кечкисин өчүрүп коюусун суранды. «Кечинде жарык болгондуктан жакшы уктай албай жатам. Ошол маселени чечип берсеңер жакшы болмок», —  деди.

Белгилей кетсек, 7-8-августта Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди  кармоо операциясында жүздөн ашык адам жаракат алып, УКМКнын “Альфа” тобунун 6 жоокери барымтага алынып, бир офицер октон каза болгон.  “Адамды барымтага алуу”, “Массалык башалмандык уюштуруу” жана “Кылмышка катышуу” беренелери боюнча бир нече адам камакка алынган.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына камалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>