Султан Ахматов экономика министрнин орун басары болуп дайындалды

Султан Ахматов экономика министрнин орун басары болуп  дайындалды

Султан Ахматов Кыргызстандын экономика министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

2016-жылдын май айынан бери бул кызматта Эльдар Абакиров отурган. Ал башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал эми Султан Ахматов  буга чейин Экономика министринин Стратегиялык жардам башкармалыгын жетектеп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>