Сурабалдиева: Кыргызстанга аткезчилик жол менен муздаткыч кездеме болуп, тоок эти персик деп кирип жатат

Сурабалдиева: Кыргызстанга аткезчилик жол менен муздаткыч кездеме болуп, тоок эти персик деп кирип жатат

Чек арадагы өткөрүү пунктарына атайын рентген жабдууларын койсо болобу? Мындай суроону Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева берди.

Сурабалдиева чек арада көзөмөл өткөрүү пунктунда муздаткычты кездеме деп өткөрүп жаткандар бар экенин айтты.

«Мисалы, муздаткычты кездеме, тоок этин персик деп өткөрүп жатышат. Бул коррупциялык жолдун чекке жеткенинен кабар берет. Ошондуктан рентген жабдууларын койсо болобу? Ишке ашыруу үчүн канча каражат сарпталат жана ушул ишти ишке ашыруу пландоо болду беле?», — деп собол салды ал.

Каржы министринин орун басары Орусия менен болгон техникалык көмөк көрсөтүү келишимде рентген жабдуулары көрсөтүлгөнүн билдирди.

Экономика министри Санжар Муканбетов рентген жабдуулары «Ак-Тилек» жана «Чалдовар» өткөрүү пунктарында бар экенин билдирди.

«Аталган эки өткөрүү пунктундагы текшерүүчү жабдуу унаа келип ткотогондо салмагын жана ичинде эмне алып келе жатканы баары көрүнөт. Бул маалыматты дагы тактап, жооп айтайын», — деди экономика министри.

Жыйында «Кыргызстандын өкмөтү менен Орусиянын өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкагында Кыргыз Республикасына техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>