Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиги түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешменин жүрүшүндө кол койду.

Чечим Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин ченемдеринин суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органын түзүүнү жөнгө салган талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Суу ресурстары агенттигине мамлекеттик суу саясатын ишке ашыруу, башкаруу иш-чараларын координациялоо, суу ресурстарын колдонуу жана коргоо, аларга мониторинг жүргүзүү милдеттери жүктөлөт.

Белгилей кетсек, Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигин түзүү республикалык бюджеттен кошумча финансы чыгымдарын талап кылбайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>