Сузак району: Сүйүн Өмүрзаков жергиликтүү элдин талабын укту

Сузак району: Сүйүн Өмүрзаков жергиликтүү элдин талабын укту

Ички иштер министрининорун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облусуна барып, өзгөчө абал киригизилген аймактардагы посттордон кабар алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ал Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков, областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болуп өзгөчө кырдаал киргизилген айылдардагы коопсуздук маселесин талкууулашты.

Сузак районунун тургундары турмуш тиричилиги облустун борбору менен тыгыз байланышта болгондугун айтып, Жалал-Абад шаарына кирүүчү блок-постордон элдин кирип-чыгуу маселеси күндүн талабы экендигин баса белгилешкен. Алар комендатурага элге жардам көрсөтүү, ар бир кайрылууларына жооп берүү жана  пайда болгон жагдайларды мыйзам чегинде чечүү талаптары коюшкан.

Ошондой эле азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, мал жайын жайлоого алып кеткен жарандарга жардам берүү, посттордо үзгүлтүксүз дезинфекция иштерин жүргүзүү керектиги баса белгиленди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>