Сузакта кооптуу жерлерде аба-чубалгылары курулуп жатат — сүрөттөр

Сузакта кооптуу жерлерде аба-чубалгылары курулуп жатат — сүрөттөр

Жалал-Абадда сел жана көчкү коркунучтарын алдын-алуу иш-пландары аткарылууда. Анын алкагында Сузак район электр тармактар ишканасы аталган райондун Алчалуу айылынан баштап  Шатырак айылына чейинки аралыктагы көчкү кооптуулугу бар жерлеринде жайгашкан, электр жабдуулардын ордуна 10 кВ чыңалуудагы айланып өтүүчү аба-чубалгыларды куруп жатат. Бул тууралуу «Жалалабатэлектро» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул айылда дагы көчкү түшүү коркунучу күч экенин айтып, тургундардын жашоосуна уруксат берген эмес.

«Сай жээгиндеги электр мамычалар көчкү алдында калбашы жана ашыкча чыгымга учурабаш үчүн, Сузак район электр тармактар ишканасы эрте жаздан баштап, аба-электр чубалгыларды алып кетүүгө камынууда.

Учурда 45 даана электр мамычалар орнотулууда, ал эми кийинки жумадан баштап  жалпы 2 чакырым 100 метрди түзгөн электр чубалгылары тартылат. Бийик дөңсөлөргө техника жете албагандыктан, мамычанын ордун 2 метр тереңдикте күрөк менен казып жатышат.

 35/10 кВ «Кызыл-Сеңир» көмөк чордонунан бөлүнүп чыккан «Ачы» аба чубалгысынан Соку-Таш, Шатырак жана Ак-Терек айылынын 116 керектөөчүсү электр энергиясы менен камсыз болот», — деп жазылат маалыматта.  

[su_image_carousel source=»media: 22423,22424,22431,22432,22433,22434,22435,22436,22437″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>