Сузактагы коронавирус жуктуруп алган 3 жаран үйлөрүнө чыгарууну суранып жатышат

Сузактагы коронавирус жуктуруп алган 3 жаран үйлөрүнө чыгарууну суранып жатышат

Сузактагы коронавирус жуктуруп алган 3 жаран үйгө чыгарууну суранып жатышат.  Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маалымат жыйын учурунда билдирди.

«Сауд Аравиядан вирус жуктуруп келген 3 кыргызстандык үйлөрүнө кетүүгө суранып жатышат. Биз аларды атайын даярдалган карантин мекемесине жайгаштырганбыз. Бейтаптар биз жөтөлбөй элебиз, дене табыбыз нормалдуу дешүүдө. Мындан тышкары карантинде кармалып турган кыргызстандыктар дагы үйлөрүнө чыгарууну суранышууда. Бирок биз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун алгоритмининин негизинде иш алып барабыз», — деди Исаков.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 3 кишиден коронавирус аныкталган. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кич ажылык сапарынан келишкен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>