Сыргак Кенжебаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

Сыргак Кенжебаевдин камактагы мөөнөтү узартылды

“Үмүт 2020″саясий кыймылынын жетекчиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камактагы мөөнөтү узартылды.

Бишкектин  Биринчи май райондук соту аны 20-апрелге чейин камакта калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Белгилей кетсек, Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев 19-декабрь күнү Алматынын аэропортунан кармалган.

Айтматова жолдошун кармалышын саясий репрессия катары баалаган.

Бирок УКМК Кенжебаев кытай жаранынан 350 миң доллар алып, бербей койгону үчүн кармалганын айткан.

Ширин Айтматова өзү жетектеген «Үмүт 2020» саясий кыймылы аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар тууралуу ар кандай билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн сындап келет.

сүрөт: azattyk.org

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>