Сыргак Кенжебаевге карата козголгон иш ИИМге өткөрүлөт

Сыргак Кенжебаевге карата козголгон иш ИИМге өткөрүлөт

Сыргак Кенжебаевге карата козголгон кылмыш иши Ички иштер органдарына жиберүү маселесин кароо максатында Башкы прокуратурага өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, Ширин Айтматованын күйөөсү делген Сыргак Кенжебаев 19-декабрь күнү Алматынын аэропортунан кармалган.

Айтматова жолдошун кармалышын саясий репрессия катары баалаган.

Бирок УКМК Кенжебаев Ширин Айтматованын жарандык никедеги жолдош экенин билдирген. Ошондой эле атайын кызмат Кенжебаев кытай жаранынан 350 миң доллар алып, бербей койгону үчүн кармалганын айткан.

21-декабрында Биринчи май райондук соту Кенжебаевдин бөгөт чарасын карап, аны  Бишкектин 1-тергөө камак жайына кармоо чечимин чыгарган.

Ал эми экс-депутат Ширин Айтматова өзү жетектеген «Үмүт 2020» саясий кыймылы аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар тууралуу ар кандай билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн сындап келет.

сүрөт: azattyk.org

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>