“Түндүкэлектр”: электр акысын убагында төлөбөгөндөргө туум кошулбайт

“Түндүкэлектр”: электр акысын убагында төлөбөгөндөргө туум кошулбайт

Өлкөдөгү абалга байланыштуу электр энергия акысын убагында төлөбөгөндөр үчүн туум (пения) 1-апрелден тарта токтотулат. Бул тууралуу  «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.

“Республикага өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу, өлкөдөгү бардык абоненттер электр энергияга болгон акыны убагында төлөй алышпайт. Ошол себептен компания 1-апрелден тарта пения кошууну токтоттудеп жазылат маалыматта.

«Түндүкэлектр» ишканасы электр энергияга болгон төлөмдү электрондук капчык же төлөм терминалдары аркылуу жүргүзүүнү сунуштайт.

Эске сала кетсек, төлөм сатуу түйүндөрү жана MegaCom компаниясы аркылуу акысыз жүргүзүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>