Түптө Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат

Түптө Садыр Жапаровду колдогон митинг өтүп жатат

Ысык-Көлдүн Түп районунда абакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Митингге чыккандар Жапаровду бошотууну талап кылышууда. Учурда райондун борборуна 3 миңден ашуун адам чогулду.

«Бейкүнөө камакта отурган Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылабыз. Ал элдин келечегин ойлоп, абакта жатат. Бүгүнкү митингде Түптүн жаштары чыктык. Жыйынтыгында резолюция кабыл алабыз», — дешти минитгге чыккандар.

Садыр Жапаров 2026-жылдын 5-октябрында эркиндикке чыгат

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>