Түркия Сириядагы күрддөргө каршы аба соккуларын баштады

Түркия Сириядагы күрддөргө каршы аба соккуларын баштады

Түркиянын армиясы Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы аба соккуларын баштады. Бул тууралуу Al-Mayadeen телеканалы кабарлайт.

Маалыматка караганда, түрк аба күчтөрү Хасеке провинциясына сокку урган. Азырынча чабуулдан канча адамдын каза тапканы же жаракат алгандыгы тууралуу маалымат айтыла элек.

Аскердик чабуул жасалганга чейин бул аймактан АКШнын аскерлери чыгарылган. Мурда күрт кошуундарына колдоо көрсөтүп келген АКШ бул жаңжалга аралашпай турганын жана Анкараны колдой тургандыгын билдирген.

Түрк бийлиги 2012-жылдан бери отурукташып алган күрддөрдү Сириянын түндүгүнөн сүрүп чыгаруу аракетин көрүп келет.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>