Түркияда катуу жер титирөөдөн улам 19 киши каза болду

Түркияда катуу жер титирөөдөн улам 19 киши каза болду

Түркияда катуу жер титирөөдөн улам 19 киши каза болуп, 772 киши ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-январда Сиврижеде күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Буга чейин Түркиянын бийлиги Элязыг жана Малатья аймагында катталган жер титирөөдөн 18 адам каза болуп, 553 киши жаракат алганын билдиришкен болчу.

Кырсык катталган жерде өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 493 куткаруучу тобу жапырт иштеп жатат. Жер титирөө катталган аймакка 1 689 даана чатыр, 1 656 даана керебет жана 9 200 даана жууркан, төшөнчүлөр жеткирилген. Уюлдук операторлордун байланыш кызматтары аталган аймакка акысыз туташтырылган”, — деп айтылат маалыматта.

Булак: super.kg

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>