Түркмөнстанда мамкызматкерлер театрга барууга жана бирдей кийим кийүүгө милдеттендирилди

Түркмөнстанда мамкызматкерлер театрга барууга жана бирдей кийим кийүүгө милдеттендирилди

Түркмөнабад шаарында мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери спектаклдерди көрүү үчүн Сейитназар Сейди атындагы мамлекеттик драма театрына барууга милдеттендирилди.

Көрүүчүлөр 20 манаттык билеттерди сатып алышат. Мындан тышкары бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринен дресс-кодду сактоо жана белгилүү бир түс менен фасондогу жаңы кийим сатып алуу талап кылынууда. Аялдардын көйнөгү 200 манат, эркектердин костюму 800 манат турат. Түркмөнстанда расмий курс боюнча 3,5 манат 1 долларга бааланат.

Бул арада спектакль көрүү үчүн аймактардан келген кызматкерлер кайра үйлөрүнө кайтууда кыйынчылыктарга туш болушууда. Кечкисин автобус каттабайт, көбү мейманканаларда түнөөгө аргасыз.

Түркмөнстанда театр жана кино үчүн билеттерди мажбурлап сатуу тажырыйбасы кеңири жайылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>