“Төө-Ашуу” тоннели 5-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылат

“Төө-Ашуу” тоннели 5-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылат

Ош-Бишкек жолунун Төө-Ашуу тоннели оңдоо иштерине байланыштуу маал-маалы менен жабылат.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, мындай чектөө тоннелдин желдетүү системасын оңдоого байланыштуу.

Ага ылайык, 8-агусттан  5-сентябрга чейин күн сайын эрте мененки саат 8:00дөн 9:30га чейин жана  саат 14:00.00дөн 15:30га чейин унаа кыймылы токтотулат.

Ал эми оор жүк ташуучу унаалардын тоннел аркылуу жүрүүсүнө ар күн сайын 1 саатан чектөө кирет.

Министрлик айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө белгиленген убакытка карап, жолго чыгууну эскертет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>