Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусун жүктөгөн Эмилбек Кимсанов кармалды

Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусун жүктөгөн Эмилбек Кимсанов кармалды

Спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун кайрылуусун интернетке жүктөгөн Бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов кармалды. Бул тууралуу “Азаттык” ишенимдүү булактарага таянып жазды.

Маалыматка караганда,  Кимсанов Санкт-Петербург шаарында кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ал эми Ички иштер министрлиги маалыматты тастыктап же четке каккан жок.

Белгилей кетсек, 14-февралда Төлөгөн Рахманберди уулу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, Ош шаардык комитетинин мурдагы башчысы Кылычбек Саркарбаев жана Нурбек Раимбековдон запкы жегенин айтып чыккан.

Рахманберди уулунун кайрылуусунан кийин ИИМ билдирүү таратып, спортчу менен  Эмилбек Кимсановдун башка чуулгандуу ишке катыштыгы бардыгын ачыктаган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>