Талант Мамытов: Профсоюздардын ишмердүүлүгү ачык-айкын болбой, уюмдун ичинде тирешүү болууда

Талант Мамытов: Профсоюздардын ишмердүүлүгү ачык-айкын болбой, уюмдун ичинде тирешүү болууда

Профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар ачык-айкын болбогондуктан, уюмдун ичинде тирешүү, чыӊалуу болуп келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеӊеште кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жаткан учурда айтылды.

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам мында жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан, азыркы учурдун талаптарына толук жооп бербей калганын баса белгиледи.

Талкууда депутат Руслан Казакбаев мыйзам долбоору боюнча көптөгөн талаш-тартыштуу маселелер жаралгандыктан, өлкө боюнча кесиптик бирликке тиешелүү мүлктөр менен каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн Коррупцияга каршы күрөш боюнча кызматка иликтөө боюнча тапшырма берүүнү сунуш кылды.

Депутат Талант Мамытов кесиптик бирликтердин жетекчилери негизги милдеттеринен четтеп эле эс алуу, ден соолугун чыӊдоо жайларына жолдомо сатуу менен алектенип калышкандыгын айтып, сынга алды.

«Профсоюздардын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар ачык-айкын болбогондуктан, профсоюздар ичинде тирешүү, чыӊалуу болуп жатат»,- деди. ал

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>