Таласта баңгизатты өстүрүп аны сатып жүргөн адам кармалды

Таласта баңгизатты өстүрүп аны сатып жүргөн адам кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү  кызматы Талас облусунан баңгизатты даярдоо жана сатуу менен алектенген адамды кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

[su_quote]Шектүүнүн үйүн тинтүүгө алганда 49 килограмм 600 грамм салмагындагы марихуана баңгизаты табылды. Андан кийинки жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө талаада индия марихуанасын эгип, өстүрүп жүргөндүгү аныкталган. Жалпысынан ал жактан 2 тонна 5 килограмм каннабис алынды.[/su_quote]

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси баш башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>