Таласта тоодон табылган аркардын баласы үй шартында багылууда — сүрөт, видео

Таласта тоодон табылган аркардын баласы үй шартында багылууда — сүрөт, видео

Бир нече ай мурун Медетбек Жаманкулов баштаган корукчулар (егер) рейд учурунда тоодон аркардын баласын таап алышкан. Бул тууралуу НАБУ жаратылышты коргоо уюмунан билдиришти.

Маалым болгондой, жаш аркар тоодо аркар-кулжа өтө турган чыйыр жолдогу таштын алдында жатып калган. Жаманкулов аны үйүнө алып келип, жапайы жаныбардын жашап кетиши үчүн бар күчүн жумшаган.

Кийин НАБУнун Ысык-Көл облусундагы реабилитациялык борбору тууралуу маалымат угуп, “Барс” тобунун кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган.

[su_image_carousel source=»media: 18518,18514,18515,18516,18517″]

Андан соң, НАБУ уюмунун өкүлдөрү, ветеринарлар,  К. Скрябин атындагы Агрардык университеттин кафедра башчысы жана токой чарба агенттигинин өкүлдөрү багылып жаткан аркар менен таанышуу үчүн Талас облусуна барган.

Учурда жаш аркар текшерүүдөн өтүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыкса анын кийинки тагдыры чечилет.

Белгилей кетели, 2017-жылдан бери аркарды мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып пул салынат!

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>