Ташиев музейдеги көргөзмө боюнча: Элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз

Ташиев музейдеги көргөзмө боюнча: Элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде жылаңач денесин көрсөтүп көргөзмө уюштургандарга саясатчы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасы аркылуу үн катты.

Саясатчынын пикиринде, музейде болуп өткөн иш чарага өлкө башчысы жана укук коргоо органдары чара көрүшү керек.

«Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар гей-пей, ошолорду колдогон чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат! Мамлекетти сактап, каада салты, тарыхы жана келечеги менен кийинки муундарга өткөрүп берүү милдетибиз. Бардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүүбүз керек.
Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары чара көрүңүздөр. Элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок. Колдон келбесе дух жетпесе анда айткыла жардам беребиз. Кыргыз элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз. Чочулабагыла бул шпиондордон, элибиз колдоп алат”, —  деп жазган Ташиев.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде аялдардын укугун коргоого багыттлаган иш чара башталган. Анда айрым кыздар жылаңач денесин көрсөтүшкөн. Бул көрүнүш  социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулары музей жетекчилигинин кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Бүгүн, 2-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>