“Тазалык” ишканасынын башкы бухгалтери жана кызматкерлери кармалды

“Тазалык” ишканасынын башкы бухгалтери жана кызматкерлери кармалды

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери жана операторлор кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, алар мамлекеттик мүлктү кымырып алууга жана коротууга шектелүүдө.

Тагырагы, 2019-жылы «Тазалык» муниципалдык ишканасы 84 млн. сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алынып, материалдык жоптуу кызматкерлерге берилгендиги аныкталган.

Бирок, аталган ишкананын башкы бухгалтери операторлор менен бергеликте Бишкек шаарынын ичинде жумуш алып барууга багытталган күйүүчү май талондорун ыйгарып алып, короткон.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө башталган.

Шектүүлөр соттун чечими менен 2 айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы каралган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>