Тажик бийлиги аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн кыскартууну пландоодо

Тажик бийлиги аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн кыскартууну пландоодо

Тажик бийлиги аскерде кызмат өтөө мөөнөтүн эки жылдан бир жарым жылга кыскартууну пландоодо.

«Жалпы аскердик милдеттер жана аскердик кызмат» жөнүндөгү мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр Тажикстан Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыкты.

Мыйзам долбоору Тажикстан президентинин аткаруу аппаратына жөнөтүлдү.

Буга чейин укук коргоочулар Тажикстанда аскер курагындагы жигиттерди күч менен армияга алып кетүү учурлары көбөйүп жатканына тынчсызданууларын билдиришкен.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Тажикстанда аскер курагындагы 600дөй жигит бар, алардын 150 миңдейи ар кыл себептерден улам армияда кызмат өтөө милдетинен бошотулган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>