Тажикстан калкынын 70% эмгек мигранттарынын эсебинен жашайт

Тажикстан калкынын 70% эмгек мигранттарынын эсебинен жашайт

Тажикстандык үй-бүлөлөрдүн 70 пайызга жакыны эмгек мигранттары которгон акчанын эсебиненжашайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Улутук банкы жүргүзгөн иликтөөсүнө таянып Борбор азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты.

Сурамжылоого катышкан эки миңден ашуун кишинин 30 пайызы гана өздөрү тапкан кирешенин эсебинен жашайт.

Улуттук банктын иликтөөчүлөрү аныктагандай, чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттарынан акча алган ар бир 5-6-киши каражатты турак жай курууга же батир алууга жумшайт, 11 пайызы же дээрлик ар бир онунчу киши акчаны той өткөрүү үчүн коротот. Калгандары автоунаа же зер буюмдарын сатып алып, болбосо бизнестерин өнүктүрүүгө жумшайт.

Орусиянын Борбордук банкы 2018-жылы Тажикстандын жеке жактарына акча жөнөтүүнүн көлөмү 2,5 миллиард доллар, ал эми 2019-жылдын биринчи жарымында 1,1 миллиард доллар түзгөнүн маалымдаган. Бул 2013-жылга караганда эки эсеге аз.

Орусиядагы экономикалык каатчылыктан улам мигранттардын кирешеси төмөндөгөнүнө карабай, Тажикстан үчүн Орусия эмгек мигранттарын иш менен камсыздаган негизги өлкө бойдон калууда.

2019-жылы акча которуунун 78 пайызын Орусияда иштеген тажик мигранттары жүзөгө ашырышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>