Тажикстан Кыргызстан менен болгон бардык чек ара өткөрмө бекеттерин жапты

Тажикстан Кыргызстан менен болгон бардык чек ара өткөрмө бекеттерин жапты

Тажикстан 24-марттан тартып кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттерди жапты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, мындай чара Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдар аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынды жана абал турукташканга чейин сакталат.

Ошол эле маалда өткөрмө бекеттер аркылуу өлкөгө кирип жаткан тажикстандыктар, Тажикстандан чыгып жаткан чет өлкөлүктөр, жүк ташуучу автоунаалар, өкмөттүк делегациялардын мүчөлөрү, Тажикстанда аккредитациядан өткөн дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өткөрүлүп турат.

Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган адамдар каттала элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>