Тажикстанда 58 жаштагы лицей мугалими окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп 17,5 жылга соттолду

Тажикстанда 58 жаштагы лицей мугалими окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп 17,5 жылга соттолду

Тажикстанда Хатлон облусунун Яван райондук соту «Нурбахш» лицейинин 58 жаштагы мугалими Мирзохон Алиевди 17,5 жылга эркинен ажыратты. Сот аны 12 жаштагы окуучу кызга жыныстык ыдык көрсөткөн деп тапты.

Алиевдин туугандары бул айып негизсиз экенин, ал шахмат боюнча мелдеште жеңген окуучусун кубанып чын пейилинен өөп койгону үчүн жазага тартылып жатканын билдиришүүдө.

14-октябрдагы сотто бул иште жабырлануучу катары эрезеге жете элек кыз өтүп жаткандыктан, маалымат каражаттарына иштин чоо-жайы айтылбай турганы белгиленди.

Соттолгон мугалимдин балдарынын айтымында, атасы тергөө маалындагы ур-токмоктон улам күнөөсүн мойнуна алууга мажбур болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>