Тажикстанда нанга ууланган 14 соттолуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Тажикстанда нанга ууланган 14 соттолуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Тажикстандын түштүгүндө 7-июлда 14 соттолуучу нанга ууланып каза болгон. Алардын өлүмүн териштирүү үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жергиликтүү дарыгерлердин бири «адам нанга ууланышы мүмкүн, бирок андан каза болушу мүмкүн эмес» деп билдирген.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Башкы прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Согди облусунда соттолгон 120 эркек жана 8 аялды үч унаа менен Дүйшөмбү, Нурек жана Яван шаарларындагы колонияга которуу үчүн алып кетип жатышкан. Алар жолдо 6 ирет токтогону айтылууда. Душанбеге жакын жердеги Варзоб районунун Майхура аймагында соттолуучулардын бири жанындагы 19 кишиге үч бөлкө нан бергени айтылат. Аны жегенден кийин 16 адамдын башы айланып, куса баштаган. 5 мүнөттө келген “Тез жардам” экөөнүн гана өмүрүн сактап калууга жетишкен. Калган 14 жаза аткаруучу каза болгон.

 

Рубрики: ДҮЙНӨДӨН , ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>