Текебаев менен Чотоновдун соту 17-октябрга жылдырылды

Текебаев менен Чотоновдун соту 17-октябрга жылдырылды

“Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралып, кийинки отурум 17-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттон кабарлашты.

Бүгүнкусоттук отурумда 8 күбө гана суралган. Кийинки отурумда да күбөлөр көрсөтмө берет.

29-августта райондук сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошотуп, үй камагына чыгарган.

12-сентябрдагы отурум болуп, адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген.

Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден  «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>