Текебаев менен Чотоновдун соту башталды, отурум жабык өтүүдө

Текебаев менен Чотоновдун соту башталды, отурум жабык өтүүдө

Абактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев жана мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнул Чотоновдун ишин кайра кароо Биринчи Май райондук сотунда жабык өтүүдө. Бул тууралуу Репортер агенттигинин кабарчысы жеринен кабарлады.

“Соттук отурум башталды. Жактоочу жана айыптоочудан башка эч ким киргизилбей жатат. Саясатчыларды колдоп жалпысынан 100дөн ашуун адам райондук соттун алдында турат”, – деди кабарчыбыз.

Бүгүн райондук сот абактагы саясатчылардын иши алардын баш коргоо чарасын кароо менен башаталарын маалымдаган.

Жогорку Сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин карап, Мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти Биринчи Май райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден “пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>