Текебаев: Саясий туткундардын иши кайра каралышы керек (фото, видео)

Текебаев: Саясий туткундардын иши кайра каралышы керек (фото, видео)

Сот залынан бошотулган соң  Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов “Ата-Мекен” партиясынын штабынын алдына келип, колдоочулары менен жолугушууда.

Анда Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз иштери менен “Ата-Мекен” партиясы биринчилерден болуп күрөшкөнүн айтты.

“Алмазбек Атамбаевдин бийликти менчиктеп алам деген ниетин «Ата-Мекен» партиясы биринчи айтып чыкты. Алмазбек Атамбаев 31-августта сүйлөп жатып экс-президент Роза Отунбаевага акаарат келтирип, кыргыз элинин эрдигин жерге чапты”, — деди ал.

Ошондой эле ал саясий туткундардын жана мыйзамсыз камалган баардык адамдардын иши кайра каралышы керек экенин айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>