Текебаев Шыкмаматовдун «Ата Мекенден» кетиши боюнча түшүндүрмө берди

Текебаев Шыкмаматовдун «Ата Мекенден» кетиши боюнча түшүндүрмө берди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев  Алмамбет Шыкмаматовдун мандатын тапшырып, фракция лидерлигинен жана партиядан кетиши боюнча түшүндүрмө берди.

Текебаевдин айтымында Шыкмаматов буга чейин кабыл алынган келишимге ылайык мандатын тапшырган.

“Ар бир партиянын ичинде шайлоо алдында өздөрүнө гана тиешелүү болгон эрежелер болот. Биз дагы шайлоонун алдында ар бир окрукка бирден талапкерди байлап, аз добуш алгандар көп добуш алгандарга орун боштот деген жобо кабыл алганбыз. Муну нотариалдык жактан да бекемдегенбиз. Бирок кабыл алынган эржени бузуп, орун бошотпой когон адамдар болгон.

Нарын облусунда Нурбек Сыдыгалиев менен Алмамбет Шыкмаматов иштешкен. Алардын 2,6 жылдан депутат болобуз деген келишимдери бар болчу. Шыкмаматов мындан бир жыл мурун Сыдыгалиевге орун бошотуу керек эле. Бирок ага иш козголуп, оор күндөр туш болгондо Шыкмаматовдун мандатын алып коюу аны жардан ары түрткөнгө барабар эле.

Мындан бир топ убакыт мурун менин көзүмчө Шыкмаматов мандатын Сыдыгалиевге бошотуп берем деген. Бирок Сыдыгалиев тизмеде 21-катарда болгон үчүн анын алдындагы адамдар орун бошотуудан баш тартып келген. Кийин сүйлөшүүлөр жыйынтык берди.

Сыдыгалиевдин мандат алышына дагы бир тоскоолдук бар эле, ал мени менен байланыштуу болчу.  Эгер соттон мен акталып, мандатым кайтарылса анда мен Сыдыгалиевдин ордун кайра алып коет элем. Ошон үчүн мен 23-декбарь күнү билдирүү жасап, эгер сот мени актап, мандатымды кайтарып берсе мен аны алуудан баш тартам дегем.

Мына ушундан кийин Шыкмаматов мандатын өткөрүп берди. Анткени анда башка шылтоо калбады. Жаңы шайланган Айсулуу Мамашова фракция лидерлигине татыктуу деп ойлойм”, — деди ал.

Белгилей кетсек, бугүн БШК Алмамбет Шыкмаматовдун өзү берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотту. Шыкмаматов партиянын катарынын чыгышына Өмүрбек Текебаев менен пикири келишпей калганы себеп болгонун айткан. 

Ал эми Алмамбет Шыкмамтовдун ордуна “Ата-Мекен” фракциясынын лидери болуп Айсулуу Мамашова шайланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>