Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева: Өмүрбек экөөбүздүн баш кошконубузга 25 жыл толду. Мен чексиз бактылуумун

Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева: Өмүрбек экөөбүздүн баш кошконубузга 25 жыл толду. Мен чексиз бактылуумун

Абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева жолдошу менен баш кошконуна 25 жыл толгонун айтып, Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Тез эле убакыт өтүп жатат, жашообуз абдан жөнөкөй өттүүдө… Жашоо дагы алдыда, бирок кээ бир учурда жакшы сезимдерди эстегиң келет. Жыл өткөн сайын акылдуу, күчтүү, чыдамкай боло баштайт экенсиң – бул жашоонун чыныгы баалуулугу экен. Бүгүн эң жакшы түшүнүп турам. Жакындарыңдын курчоосу жана алардын сүйүүсү – бул эң негизги жашоо болуп саналат.

Өмүрбек, бүгүн сага айткым келди, МЕН ЧЕКСИЗ БАКТЫЛУУМУН!!! 18.08.19», — деп жазган Айгүл Текебаева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>