Текебаевке кайненесин тажиясына катышууга уруксат берилди

Текебаевке кайненесин тажиясына катышууга уруксат берилди

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди кайненесинин тажиясына барып, коштошуу зыйнатына катышууга уруксат берди. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

«Бүгүн 6-июлда кайын энесинин тажиясына катышуу үчүн Текебаев Чүйдүн Таш-Дөбө айылына атайын күзөттүн коштоосунда бир күнгө кетти», — деди мекемеден.

Текебаевдин кайненеси Бүбүкан Турдуева 5-июлда 77 жашында дүйнөдөн өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>