ТИМ: Кыргызстан АКШ менен визалык чектөөнү жокко чыгаруу маселесин талкуулоого даяр

ТИМ: Кыргызстан АКШ  менен визалык чектөөнү жокко чыгаруу маселесин талкуулоого даяр

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-февралда Ташкентте жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, анын ичинде АКШнын кыргызстандыктарга киргизген визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

«АКШнын чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоп жатканын министр дагы бир ирет баса белгиледи. Бул багытта өз ара тыгыз аракетти күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү болду», — деп маалымдады Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, өз кезегинде АКШнын мамкатчысы визалык чектөө боюнча өкүнүчүн жана бул маселенин тегерегиндеги абалды чечүүгө даярдыгын билдирди. Майк Помпео маселенин АКШ өкмөтүнүн тиешелүү стандарттарына байланышкан объективдүү техникалык жактарына көңүл бурду. Мындан тышкары тараптар бул маселе боюнча укук коргоо органдарынын деңгээлинде өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

АКШнын мамлекеттик катчысы 3-февралда Ташкентте «С5+1» форматында Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Анда аймактык соода, чек ара коопсуздугу, суу-энергетика тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>