ТИМ: Кыргызстан чет жактагы жарандарын азырынча алып келе албайт

ТИМ: Кыргызстан чет жактагы жарандарын азырынча алып келе албайт

Кыргызстан чет жактагы жарандарын азырынча алып келе албайт. Бул тууралуу 9-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта Кыргызстандын 2719 жараны Орусиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Доминика Республикасынан, Египеттен, Индиядан, Кореядан, Малайзиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Польшадан, Таиланддан, Түркиядан, Франциядан жана башка мамлекеттерден учак менен алынып келди.

Азыр каалоочуларды алып келүү мүмкүн болбой жатканын айткан дипломат төмөнкүлөрдү билдирди:

«Туруктуу да, чартердик да каттамдарды ишке ашыруу азыр мүмкүн эмес экенин баса белгилейм. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы убакта мүмкүн эмес»,- деп айткан Ниязалиев.

Ниязалиевдин билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 42 өлкөсүндө кыргыз жарандары бар.

8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпысынан 20-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерден чартердик рейс менен 4769 кыргызстандык алынып келгенин айткан. Ал мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарга кайрылып, аларды коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>