ТИМ: Кыргызстандык үч студент Гонконгдон чыгып кетти

ТИМ: Кыргызстандык үч студент Гонконгдон чыгып кетти

Гонконгдо билим алып жаткан Кыргызстандык 42 студенттин үчөө аталган аймактан чыгып кетти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

“Калган студенттер жакынкы күндөрү чыгып кетүүнү пландап жатышат. ТИМдин тапшырмасы менен КРдин Кытайдагы элчилиги менен Гуанчжоудогу  башкы консулдук студенттерге бардык жардамды көрсөтүп жатат. Гуанчжоу шаарынын башкы консулу  Искендер Орусбаев Гонконго учуп кетти”, — деп билдирди элчиликтен.

Ошондой эле ТИМ Элчилик тарабынан туристтик компаниялар менен билеттин акысын төлөө маселеси боюнча  макулдашуу болгонун кошумчалады.

Буга чейин Гонконгдо болуп жаткан нааразычылык акциялардан улам аталган аймакта билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго жана Тышкы иштер министрлигине кайрылган.

Белгилей кетсек, Гонконгдо кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадиция кылуу мыйзам долбооруна каршы болуп миллиондогон адамдар бир нече айдан бери  нааразылык акцияларга чыгышууда. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>