ТИМ: Кыргызстан 164 мамлекет менен дипломатиялык байланышта

ТИМ: Кыргызстан 164 мамлекет менен дипломатиялык байланышта

Кыргызстандын жалпы 164 мамлекет менен дипломатиялык байланышы бар. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта министр Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Тышкы иштер министрилигинин 2019-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Өткөн жылы Кыргызстан Гренада, Мозамбик, Кирибати, Науру сындуу 8 жаңы өлкө менен дипломатиялык мамиле түздү.

«Өткөн жылы 87 миң консулдук кеп-кеңештер берилген, бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла көптүк кылат. Ошондой эле, Орусиянын Новосибирск шаарында консулдук кызмат ачылды. Азыр ушундай кызматтарды Якутск, Иркутск, Сахалин шаарларында да ачуу пландаштырылууда», — деди тышкы иштер министри.

Санариптештирүү жылынын алкагында Тышкы иштер министрлиги Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргелешип 38 консулдук жай автоматташтырылган маалымат тутуму менен жабдылды.

Учурда аталган комитет ТИМдин 2019-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчётту жабык эшик артында кароону улантууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>