Токаев: Шамшиев дүйнөлүк кино искусствосуна чоң салым кошту

Токаев: Шамшиев дүйнөлүк кино искусствосуна чоң салым кошту

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элинин белгилүү режиссеру Болот Шамшиевди каза болгонуна байланыштуу анын үй булөсүнө көңүл айтты. Токаевдин көңүл айтуу каты президенттин akorda.kz сайтына жарыяланды.

«Болот Төлөновичдин дүйнөлүк кино кино искусствосуна кошкон салымы эбегейсиз. Ал эки элдин достугун бекемдөогө да зор салым кошту. Казак адабиятынын жана драматургиясынын классиктеринин чыгармаларынын негизинде тарткан тасмалары Казакстан жана Кыргызстан элдеринин жалпы маданий мурастарына айланды. Болот Шамшиевдин аты эсибизде түбөлүк сакталмакчы”, — деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, бүгүн 24-декабрда белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>