Токио Олимпиадасына лицензия ойнотулган күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтөт

Токио Олимпиадасына лицензия ойнотулган күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтөт

Токио Олимпиадасына лицензия ойнотулган күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Эркин күрөш боюнча федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев билдиргенин «Марал» жазды.

Турганбаевдин маалыматына ылайык, мындай чечимге Кыргызстандын бийлиги кечээ макулдук берди.  Мелдеш грек-рим, эркин жана кыздар күрөшүнөн 25-март – 1-апрель күндөргө белгиленди.

«Кечээ Кыргызстан мелдешти өткөрүү жоопкерчилигин алды.  Учурда уюштуруу тобу түзүлүп, даярдык иши башталды. Анын жүрүшүндө мелдеш өтүүчү жайдын даярдыгы, күрөшкө келгендер жайгаша турган мейманканалардын абалы текшерилип жатат», — деди Мелис Турганбаев.

Аталган мелдеш 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарына белгиленген болчу. Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) коронавируска байланыштуу башка жакта уюштуруу чечимин кабыл алып, бир катар Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга турнирди өткөрүүгө сунуш киргизген.

Кыргызстан 2018-жылы күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатын өткөргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>