Токмокто эки милиция кызматкери жаранды сабаган деп шектелүүдө

Токмокто эки милиция кызматкери жаранды сабаган деп шектелүүдө

Эки милиция кызматкери жаранды сабаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы кеминдик жабырлануучу 1-ноябрда Чүй райондук милициясына кайрылып, «Гавайи» кафесинин унаа токтотуу жайында аны сабаган эки белгисиз адамга чара көрүүнү суранат.

Шектүүлөр Токмок милициясынын убактылуу кармоо жайында иштей турганы аныкталды. Алар  45 жаштагы У.А. жана 29 жаштагы С.Э. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Учурда тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды. Мындан сырткары, аталган факт боюнча Ички иликтөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>