Токтогулда киши өлтүргөн адам кармалды

Токтогулда киши өлтүргөн адам кармалды

Токтогулда киши өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, 17-январь күнү Токтогул районунун 41 жаштагы тургунунун сөөгү табылган. Маркумдун денесинде бычак сайылган жараттар болгон. Ошондой эле анын билегин белгисиз жаныбар тытмалап кеткен.

Бул факты Жазык Кодексинин 130-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Токтогул шаарынын 1979-ж.т. тургуну М.А. кармалган.  Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө11-январь күнү ич ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, маркумдун сол жак капталына бычак менен сайып жибергендигин билдирген.

Шектүү катары кармалган М.А. жогоруда жасаган кылмышты толугу менен мойнуна алып,  убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>