Турак жайды табийгый кырсыктан камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору артка кайтарылды

Турак жайды табийгый кырсыктан камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору артка кайтарылды

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеӊештин жыйынында “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев 2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады.

Талкууда турак жайларды камсыздандырууда майыптар, Чернобль апаатынын катышуучулары сыяктуу калктын айрым аялуу катмарына камсыздандырууга 50% жеӊилдик берилери айтылды. Ошону менен катар адам факторунун таасири менен болуучу кырдаалдар, селге айланганга чейинки катуу жаан жаратылыш кырсыктарынын тизмесинен алынып салынгандыгы такталды.

Бир катар депутаттар күндөп-түндөп жааган кар, катуу төккөн мөндүр сыяктуу жагдайлар эске алынбай калгандыгын сынга алышты. Андан улам, мыйзам долбоору кайра комитетке кайтаруу чечими кабыл алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>